"Төө-Ашуудагы" тоннелдеги чектөө алынды. Жолдун ремонттон кийинки көрүнүшү
RU

"Төө-Ашуудагы" тоннелдеги чектөө алынды. Жолдун ремонттон кийинки көрүнүшү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Төө-Ашуудагы" Кусейин Көлбаев атындагы тоннелдин жолуна асфальт төшөлүп, жол сызыктары чийилип, дренаж казылган жердин ордуна, ошондой эле кошумча айрым жерлерге асфальт басуу жумуштары аяктады. Бул туурасында Транспорт жана коммуникациялар министрлиги кабарлайт.

Пландалган иштер мөөнөтүнөн эрте бүтүп, буга чейин киргизилген чектөөлөр 6-августка жетпей алынды.

Бардык унаалар 2-августта саат 16:00дөн тарта тоннель аркылуу тоскоолдуксуз өтө баштады. Жакынкы күндөрү тоннелдин кирип-чыгыш жерлерин көрктөндүрүү иштери жүрөт. Бул учурда унаалар үчүн эч кандай чектөөлөр болбойт.

Белгилей кетсек, буга чейин тоннелдин жолуна асфальт төшөө иштерине байланыштуу унаа кыймылына чектөөлөр киргизилип, жол 26-июлдан 6-августка чейин 10 сааттан ашык жабыла турганы маалымдалган.

Акыркы жолу 2000-жылдары оңдоп-түзөөдөн өткөн тоннель быйыл транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаевдин тапшырмасы менен реконструкцияланып, жолуна асфальт төшөлдү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13777