Москвада кыргызстандык таксистке жүргүнчүсү кол көтөргөн. Элчиликтин маалыматы
RU

Москвада кыргызстандык таксистке жүргүнчүсү кол көтөргөн. Элчиликтин маалыматы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Москвада кыргызстандык таксист жүргүнчүсү тарабынан сабалган. Бул туурасында жабырлануучу блогерлер менен болгон сүйлөшүүсүндө айткан.

Шамил Муратов жүргүнчүлөрүнөн унаанын ичинде сыра ичпөөнү суранган. Буга алдыңкы орундукта отурган киши ачууланып, кол көтөрүп, бир нече жолу муштумдаган.

Окуя 18-июнда Хохлов тар көчөсүндө болгон. Жүргүнчүсү кол көтөргөндөн кийин Муратов дарыгерлерге кайрылган, адистер ага корутунду чыгарып беришкен. Андан кийин полицияга арыз жазган, бирок укук коргоочулар арызды кабыл алуудан баш тартышкан.

Кыргыз Республикасынын Россиядагы элчилиги консулдук-укуктук жардам көрсөтүү максатында кыргыз жаранынын жашаган жерин аныктоо боюнча чараларды көргөн.

"Учурда элчилик жабыркаган мекендеш менен байланышта. Ага бардык зарыл болгон юридикалык жардамдар көрсөтүлөт. Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигинин дарегине расмий нота жөнөтүлдү.", - дешет элчиликтен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13783