Ырчы Асел Кадырбекова жол кырсыктан кийинки тактарын көрсөттү
RU

Ырчы Асел Кадырбекова жол кырсыктан кийинки тактарын көрсөттү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ырчы Асел Кадырбекова кырсыктан кийинки тактарын көрсөтүп, кемчиликтерин кабыл алганын айтты. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Ырчы күйөрмандарына кайрылып, "кандай болсом ошондой кабыл алышыңарды каалайм" дейт.

"Кырсыктан кийин калган тактар. Башында бетимди, денемди коруп болушунча көз жашымды төктүм. Бирок убакыт өттү, чачым өстү, бетим да косметологдун чоң аракети менен өз калыбына келди, көзүмдун көрүүсүн жакшырттык (лазердик коррекция жасалды), денемдеги көк ала тактар да 1 жыл дегенде тарады, эс-тутумум толук келбесе да маанилүү учурларды эстедим.

Кээ бир нерселерди Жараткан унутуп калбасын деп эстетип туруучу сигнал катары түбөлүккө шрам кылып калтырат окшойт. Мисалы мен үчүн бул тактар күн сайын ошол убакты унутпа дегендей эле туюлат. Ушул тактарды көрүп азыркы күндөрүмө, азыркы абалыма, азыркы жашоомо ыраазы болуп, "шүгүр" деп күндө айтам", - дейт ал.

Асел Кадырбекова аялзаты үчүн албетте келбети эң маанилүү нерселердин бири экенин, бирок бул нерсе тоскоолдук жаратпашы керектигин айтат.

"Негизги нерсе эмне экенин унутпаңыз! Жер жүзүндө миллиарддаган адамдардын ар биринде ар кандай келбет, кемчиликтер, түрдүү жагдайлар, жашоо шарты ар кандайы бар. Айланабыздагы жашоо шарт, биздин физикалык көрүнүшүбүз алдыга умтулуубузга, бийиктиктерди багынтуубузга, өзүбүздү кандай болсок ошондой сүйүүбүзгө таасирин тийгизбеши керек. Тирүүлүк өзү ырахат", - деп жазат.

Эске салсак, 2020-жылы 26-июнда Бишкектеги Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде Toyota Camry жана Honda Odyssey автоунаалары кагышкан. Анын айынан Camry автокөлүгүндө бараткан Асел Кадырбекова катуу жаракат алып, мээси чайкалып, моюн омурткалары менен акыреги сынып реанимацияга түшкөн. Ырчы бул кырсыктан кийин көп убакыт ден соолугун калыбына келтирүүнүн үстүндө жүрдү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13786