Көңүлдүү деген сөздүн англисче которулушу талкуу жаратты. Министрликтин түшүндүрмөсү
RU

Көңүлдүү деген сөздүн англисче которулушу талкуу жаратты. Министрликтин түшүндүрмөсү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Социалдык тармакта англис тили боюнча балдардын окуу китебинде "көңүлдүү" жана "шаңдуу" деген сөздүн котормосу талкууга түштү. Анда "гей" сөзүн "көңүлдүү, шаңдуу" деп которулган.

Бул боюнча Билим берүү жана илим министрлиги интернет колдонуучулар арасында талкуу жараткан "Англис тилин үйрөнөбүз" / "Изучаем английский язык" китеби тиешелүү экспертизалардан өтпөгөнүн маалымдады.

"Китеп министрликке караштуу Кыргыз билим берүү академиясы тарабынан да, "Окуу китеби" республикалык илимий-практикалык борбору тарабынан да тиешелүү экспертизалардан өткөрүлгөн эмес. Ошондой эле жыл сайын министрлик тарабынан бекитилүүчү Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарына окуу процессинде колдонуу үчүн сунушталуучу окуу китептеринин тизмесине киргизилген эмес.

Министрлик тиешелүү экспертизалардан өткөрүлбөгөн китептерди колдонууга сунуштабайт", - деп айтылат билдирүүдө.

Такталган маалымат боюнча, китеп 2014, 2021-жылдары авторлордун жеке каражаттарына басылып, коммерциялык максатта сатыкка чыгарылган.

Министрлик ата-энелерден балдарына китеп сатып берүүдө китептин грифи (уруксаты) бар-жогуна көңүл буруусун суранат. Ошондой эле авторлорго жана жеке менчик басмаларга китеп басуу өндүрүшүндө Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдарынын жана мыйзамдык актыларынын талаптарын аткаруу керектигин эскертет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13788