Монополияга каршы кызмат "Яндекс.Таксиден" мыйзам бузуу аныктады
RU

Монополияга каршы кызмат "Яндекс.Таксиден" мыйзам бузуу аныктады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Яндекс.Такси Корп" ЖЧКсына Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын мүчүлүштүктөрүн жоюу тапшырмасы берилди. Бул тууралуу аталган ведомство Facebook баракчасына жарыялады.

"Керектөөчүлөрдүн кайрылууларынын, ошондой эле "Яндекс.Такси Корп" ЖЧКсынын аракеттерине байланыштуу интернетте тараган маалыматтардын негизинде керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо максатында аталган кызмат компаниянын өкүлү тарабынан берилген материалдарды изилдеп чыккан", - деп айтылат маалыматта.

Жыйынтыгында "Яндекс.Такси Корп" ЖЧКсы тарабынан Кыргызстандын мыйзамдарынын талаптарына ылайык келбеген төмөнкү пункттар аныкталды:

  • керектөөчүлөр үчүн толук жана ишенимдүү маалымат менен камсыз кылынбайт;
  • көрсөтүлүүчү кызматтардын коопсуздугу жана сапаты камсыз кылынбайт;
  • суроо-талаптын жогорулашынын мезгилинде тарифтерди түзүү механизми түшүнүксүз бойдон калууда.

Аталган агенттик Яндекс.Таксиге 2023-жылдын 7-сентябрына чейин жогорудагы пункттарды керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча мыйзамдардын талаптарына ылайык келтирүү боюнча буйрук менен тапшырма берилди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13798