Кара-Сууда жасалма доллар менен 3 адам кармалды
RU

Кара-Сууда жасалма доллар менен 3 адам кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош облусунун Кара-Суу районунда жасалма доллар таратып жүргөн үч адам кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалым болгондой, 18-июль күнү Мады айылындагы май куюучу жайдын кызматкери милицияга кайрылган. Ал үч күн мурда бир адам 2000 сомго бензин куюп, бирок акчаны доллар менен төлөгөнүн айткан. Тагыраагы, кардар 100 доллар берип, ортодогу айырманы сом менен алып, кассадан дагы 100 доллар алмаштырган. 16-июлда отчёт берилгенде бул купюралар жасалма экени белгилүү болгон.

Бул факты каттоого алынып, "Акчаны же баалуу кагаздарды жасалмалоо" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Бир нече күндөн кийин кылмышка шектүү жана шериктери да кармалды. Маалым болгондой, кармалгандар Кара-Суу районунун аймагында жайгашкан төрт түрдүү май куюучу жайдан жасалма 1000 доллар сатууга үлгүрүшкөн. Учурда тергөө уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13820