Алмазбек Атамбаев Испаниянын премьер министри менен жолугушту
RU

Алмазбек Атамбаев Испаниянын премьер министри менен жолугушту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков Facebook баракчасына Алмазбек Атамбаев, Раиса Атамбаева, Кадыр Атамбаев жана Испаниянын премьер-министри Педро Санчес Перес-Кастехон менен түшкөн сүрөтүн жарыялады.

Бул сүрөт качан тартылганы белгисиз, бирок Темирлан Султанбеков сүрөттүн алдына Испания өкмөт башчысын коалициясынын шайлоодогу жеңиши менен куттуктаган. Испанияда парламенттик шайлоо мындан эки жума мурда – 23-июлда өткөн.

Темирлан Султанбеков ошондой эле Испания өкмөт башчысынын кеңешчиси, Мадрид ассамблеясындагы фракциянын лидери, Испаниянын башкаруучу партиясынын эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн башчысы, Испаниянын улуттук парламентинин жаңы шайланган депутаты Хана Жалул Кыргызстанга сапар жасаганын айтат.

Анын сапары партиялар аралык байланышты жана Кыргызстан социал-демократиялык партиясын чыңдоо максатын көздөгөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13821