Жасалма дипломдор. Сот эки депутатты мандатынан ажыратууну мыйзамдуу деп тааныды
RU

Жасалма дипломдор. Сот эки депутатты мандатынан ажыратууну мыйзамдуу деп тааныды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек административдик соту Жогорку Кеңештин экс-депутаттары Фархат Исмаилов менен Фарходбек Алимжановдун доо арызын карады. Сот алардын БШКнын чечимине каршы арызын канааттандырган жок. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.

Белгилүү болгондой, 3-августтагы соттун чечими менен БШКнын токтомун мыйзамсыз деп таануу жѳнүндѳ Фархат Исмаиловдун административдик доосу канаатандырылган эмес.

Мындан тышкары, 4-августа БШКнын токтомун мыйзамсыз деп таануу жѳнүндѳ Фарходбек Алимжановдун административдик доосу да канаатандырылган эмес.

Соттун чечими 30 күндүн ичинде даттанылышы мүмкүн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13823