Чет элдик режиссёрлор Чыңгыз Айтматов тууралуу документалдуу тасма тартат
RU

Чет элдик режиссёрлор Чыңгыз Айтматов тууралуу документалдуу тасма тартат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдык мааракесине карата документалдык тасма тартылууда. Бул туурасында президенттин Талас облусундагы өкүлчүлүгү маалымдайт.

Белгилүү болгондой, Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдык мааракесине карата Санкт-Петербург шаарынан Наталья Фянтисева жана Италиядан Диаомамтакос Сиева аттуу режиссёрлор жазуучунун өмүрү чыгармачылыгы, туулуп өскөн жери тууралуу документалдуу тасма тартуу максатында Талас облусуна келишти.

Режиссёрлор Көк-Сай айылындагы Манас-Чыңгыз чокусун, Маймак станциясын жана Улуттук Манас Ордо комплексин тасмага түшүрдү.

Белгилей кетсек, документалдык тасма жазуучунун туулган күнүнө арналган иш-чарада көрүүчүлөргө тартууланат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13828