Кыргыз балбандары Сербияда өткөн мелдеште 6 медаль утту
RU

Кыргыз балбандары Сербияда өткөн мелдеште 6 медаль утту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын 6 мүчөсү Младеновац шаарында (Сербия) өткөн Любомир Иванович Гедза атындагы эл аралык мелдеште алдыңкы орундарды жеңишти.

Алар:

  • Акжол Махмудов (77 кг) - алтын;
  • Жоламан Шаршенбеков (60 кг) - алтын;
  • Раззак Бейшекеев (67 кг) - алтын;
  • Бексултан Махмудов (97 кг) - күмүш; Үзүр Жусупбеков (97 кг) - коло;
  • Амантур Исмаилов (67 кг) - коло медалдын ээси болушту.

Эскерте кетсек, Любомир Иванович Гедза атындагы эл аралык мелдеш 5 август күнү жыйынтыкталды. Ага Кыргызстандын атынан жалпы 8 спортчу катышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13831