Бир кадр менен. Ысык-Көлдө скутер менен катердин майы сууга калкып калган
RU

Бир кадр менен. Ысык-Көлдө скутер менен катердин майы сууга калкып калган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Интернетке Ысык-Көлдөгү суунун бети булганга сүрөт тарап, көпчүлүктүн нааразычылыгын жаратты. Анда скутер, катердин майы калкып чыкканын көрүүгө болот.

Бул сүрөт Бостеридеги пляждардын биринде 5-августта тартылган.

Буга нааразы пикирин жазгандардын катарында Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев да бар. "Көлдөгү скутердин майы, жыты айланы кетирди. Бир чечимге келбесек болбой калды", - деп жазды.

Белгилей кетсек, Ысык-Көлдөгү экология көйгөйү 2023-жылдагы туристтик сезондун негизги темаларынын бири бойдон калууда. Эксперттер 25 жылдан кийин Ысык-Көл чоң сазга айланып кетиши мүмкүн деп кооптонуп, мындан тышкары көлдүн фаунасын, анын тазалыгын сактоо темалары да көтөрүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13834