Тажикстандагы үрөй учурган кырсык. Жабыркагандардын арасында кыргыздар жок экени айтылды
RU

Тажикстандагы үрөй учурган кырсык. Жабыркагандардын арасында кыргыздар жок экени айтылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Тажикстанда 10 адам каза болуп, дагы 14 адам жаракат алган жол кырсыгы катталды. Каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок дешет Тышкы иштер министрлигинен.

Маалыматка ылайык, кырсык 6-августта кечке маал Куляб шаарынын аймагында катталган. Анда "Дулан" үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаанын тормозу иштен чыгып, бир нече жеңил унааларды жана эки турак жайды сүзүп кеткен.

Кырсыктын кесепетинен 10 адам каза болуп, 14 адам жаракат алган. Так саны такталууда.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин алдын ала маалыматы боюнча, каза болгон жана жабыр тарткандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13840