Кыргыз-Кытай чек арасындагы өткөрүү пункттарында айрым эрежелер өзгөрдү
RU

Кыргыз-Кытай чек арасындагы өткөрүү пункттарында айрым эрежелер өзгөрдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасында жайгашкан өткөрүү пункттарынын ишмердүүлүгүнө 6-августтан баштап өзгөртүүлөр киргизилди. Бул туурасында УКМКнын Чек ара кызматынан кабарлашты.

Белгиленгендей, "Торугарт-автожол" жана "Иркештам-автожол" өткөрүү жайлары күн сайын саат 08:00дөн 20:00гө чейин иштеп баштады.

  • Аптанын бардык күндөрү жогоруда аталган өткөрүү жайлары жүк ташуучу транспорт каражаттарын өткөрөт;
  • Дүйшөмбүдөн жумага чейин (эс алуу күндөрүнөн тышкары) туристтер жана башка жарандар жөө жана жеңил автоунаа менен өтө алышат;
  • Ишемби жана жекшемби күндөрү өткөрүү жайлары аркылуу жүк ташуучу траспорт каражаттары гана өтө алышат;
  • Өткөрүү жайлары мындай эреже менен 2023-жылдын 30-сентябрына чейин иштейт.

Чек ара кызматынан Кытайга кирүү үчүн жалпы чет элдик паспорту бар жарандар виза ачтыруусу керектигин эскертти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13841