Сауд Арабиясы эми кыргызстандыктарга конок визасын берет
RU

Сауд Арабиясы эми кыргызстандыктарга конок визасын берет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Сауд Арабия Падышалыгы Кыргызстанды конок (электрондук) визасын колдоно ала турган чет өлкөлөрдүн тизмесине кошту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен маалымдады.

Электрондук виза (eVisa) – бул бир жылдык мөөнөткө берилүүчү көп жолку виза. Ал өлкөгө киргендерге Саудияда 90 күнгө чейин жүрүүгө мүмкүндүк берет.

  • Виза туризмге байланыштуу иш-чараларга катышууга, үй-бүлөгө жана туугандарга барууга, эс алууга жана умра зыяратын аткарууга (ажылыктан тышкары) мүмкүнчүлүк берет.
  • Бирок ажылык, окуу жана иштөө сыяктуу ишмердүүлүктөргө уруксат бербейт.
  • Айыптардан качуу үчүн өлкөгө кирүүчүлөр визада көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаганга чейин Сауд Арабиясынан чыгып кетүүгө тийиш. Мөөнөт өтүп кеткен учурда айып пул салынат.
  • Конок визасын https://visa.visitsaudi.com/ онлайн порталы аркылуу же Сауд Арабиясынын эл аралык аэропортторунан алууга болот.

Кыргыз Республикасынын Сауд Арабиясындагы элчилиги жарандарды Сауд Арабияга барар алдында өлкөдө болуу эрежелери жана шарттары менен кылдат таанышып чыгууну өтүнөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13850