Ошто 39 мечиттин, 21 диний окуу жайдын ишмердүүлүгү убактылуу токтотулду
RU

Ошто 39 мечиттин, 21 диний окуу жайдын ишмердүүлүгү убактылуу токтотулду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош облусунун аймагындагы диний жайлардын ишмердүүлүгү текшерилип, бир катар мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын маалыматында айтылат.

20-июлдан тартып коопсуздук комитеттин, Ички иштер министрлигинин, Муфтияттын, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Саламаттыкты сактоо министрлигинин, "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин жана президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрүнөн турган ведомстволор аралык жумушчу топ Ош облусунун аймагындагы диний жайлардын ишмердүүлүгүн текшерип баштады.

Анын жүрүшүндө "Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө" мыйзамдын, архитектуралык-курулуш, санитардык-эпидемиологиялык нормалардын жана өрт коопсуздугунун талаптарын бузган 48 мечитке, 40 диний окуу жайга карата талаптар, актылар түзүлүп, көрсөтмөлөр берилди.

  • 15 факты боюнча материалдар (9 мечит, 6 диний билим берүү мекемеси) бузуулар жөнүндө бирдиктүү реестрге катталды;
  • 7 материал автоматташтырылган маалымат системасына каттоого алынды;
  • 39 мечиттин жана 21 диний окуу жайдын ишмердүүлүгү убактылуу токтотулду;
  • 39 диний жана сыйынуу жайларына айып пул салынды;
  • Христиандык багыттагы 18 диний объектинин иши текшерилди;
  • Белгиленген архитектуралык-курулуш нормаларын бузуу менен курулгандыгы үчүн ("кызыл сызыкта" турган) 39 мечит каттоого алынбай турганы жана тиешелүү документтери жок экени аныкталды.

Комиссиянын ишинин алкагында президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппаратында координациялык кеңешме болуп, диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча компетенттүү мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тиешелүү тапшырмалар бериди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13852