№3 колониядагылар кримтөбөл Камчы Көлбаевди туулган күнү менен куттукташты
RU

№3 колониядагылар кримтөбөл Камчы Көлбаевди туулган күнү менен куттукташты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Новопокровкадагы №3 колонияда кармалгандар кримтөбөл Камчы Асанбекти (Көлбаева) туулган күнү менен куттукташты. Маалыматты Kaktus.media сайтына күч түзүмдөрүндөгү өздүк булактар билдиришти.

Айтымдарында, Көлбаевдин туулган күнү 3-августта болгон. Камактагылар Көлбаевдин сүрөтү түшүрүлгөн футболка кийишип, дасторкон жазышкан.

Сүрөттөн Арслан аттуу "положенецти" жана кримавторитет Нурбек Саидди байкоого болот.

Камчы Көлбаев - КМШдагы таасирдүү "мыйзамдагы уурулардын" бири. Каймана аты - Коля-Кыргыз.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13856