Муфтий ич кийим кийип алып бийлеген кишинин жоругун сынга алды
RU

Муфтий ич кийим кийип алып бийлеген кишинин жоругун сынга алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Муфтий Замир Ракиев TikTok`то ич кийим кийип алып бийлеген кишинин жоругун сынга алды. Ал эсебизиге келели деп кайрылуу жасады.

"Сакал койгон эркек балдар аялдардын ич кийимин кийип интернетке чыгып, ал үчүн акча бар дейт. Кудайдан корколу. Бир эркек атайын аялга же аял эркекке окшошкусу келсе, Алланын каргышы болсун деген. Эсибизге келели. Ошондой иш менен 5-10 тыйын табам деп намысыбызды тебелеп, шерменде болуп жатабыз. Бир тууганың, коомчулук сыздап жатат. Кыргызстанда ушундай нерселер болуп жатат деп башкаларды карай албай калгыдай иштерди жасап жатабыз", - деди ал.

Муфтий кошумчалагандай, ири суммадагы акчаларын алдырткандар "окуган намазына ишенбедимби, кийип турган кийимине ишенбедимби" деп кайрылышат дейт.

"Урматтуу, туугандар дин өзүнчө, дүнүйө өзүнчө нерсе, бул эки нерсени аралаштырбагыла. Мечитке кимдер гана келбейт. Мусулмандын кейпин кийип алып, элди алдагандарга кайрыларым, жарыбай каласыңар", - дейт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13858