Психоневрологиялык стационардын бейтаптары аң казган видео боюнча текшерүү жүргүзүлдү
RU

Психоневрологиялык стационардын бейтаптары аң казган видео боюнча текшерүү жүргүзүлдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Токмоктогу №1 психоневрологиялык социалдык-стационардык мекемеде директор бейтаптарды жер казууга мажбурлаган. Бул тууралуу видео тарап, интернетте жетекчини жоопко тартуу керектиги кызуу талкууга алынган.

Бүгүн, 8-августта Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун өкүлдөрү жогорудагы социалдык мекемеге барып, текшерүү жүргүзүштү.

Такталгандай, 3-августта психоневрологиялык социалдык-стационардагы камкордукка алынган 5 адам фундаменталдык чуңкурду казууга катышып, курулуш иштери башталгандан бери 13 бейтап тартылган. Алардын ар бири менен жеке сүйлөшүүлөр өткөрүлдү.

"Мекеменин администрациясы тарабынан бул факты эмгек терапиясы катары жазылган.

Мыйзамдарга ылайык, кызмат көрсөтүүчүлөрдү эмгек терапиясына тартуу өндүрүштүк цехтерде, ар кандай профилдеги ийримдерде жана көмөкчү чарбаларда 4 сааттан ашпаган мөөнөткө дарыгердин уруксаты менен гана мүмкүн болот. Ал эми чуңкурду казуу оор физикалык эмгектин категориясына кирет.

Психоневрологиялык социалдык-стационардагы жарандарды мажбурлап иштетүүгө тыюу салынат. Бул боюнча чогултулган материалдар кызмат адамдарынын аракеттерине юридикалык баа берүү үчүн прокуратурага өткөрүлүп берилет", - дешти борбордон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13861