Президент: Кыргызстан батыштын санкцияларын айланып өтүүгө жардам берүүдө деген негизсиз
RU

Президент: Кыргызстан батыштын санкцияларын айланып өтүүгө жардам берүүдө деген негизсиз

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстан Россияга батыштын санкцияларын айланып өтүүгө көмөктөшүп жатат деген билдирүүлөр боюнча президент Садыр Жапаров жооп берди. Ал "Кабар" агенттигине берген кыска маегинде мындай билдирүүлөргө эч кандай негиз жок экенин белгиледи.

"Россия менен Кытай кичинекей Кыргызстанга көз каранды эмес. Россия менен Кытай өздөрү бири-бирине кошуна өлкөлөр. 4000 чакырым чек ара тилкеси бар. Россия кааласа деңиз аркылуу, кааласа темир жол аркылуу эшелон-эшелон же баржа-баржа кылып каалаган товарын ташып алат. Ооба, кыргызстандык компания дрон алып бара жаткан жеринен Казакстандан кармалды. Ал дрондор айыл чарба багытына жумшала турган дрондор болчу деп түшүндүрдү. Бирок ошентсе да биз азыр дрон жана учкучсуз аппараттарды өткөрбөй жатабыз.

Ал эми менин атыма сенатор эле эмес, төбөсү көрүнгөн чоңдордун баарынан эле андай каттар көп келип турат. Муну мен жөн гана Кыргызстанды кандай болсо дагы бир шылтоо таап, кысым кылып, өздөрү жакка тартуу деп билем.

Биз андайга жол бербейбиз. Биз эгемендүү мамлекетпиз. Баардык өлкөлөр менен бирдей мамиледе болобуз. Көп векторлуу саясат жүргүзөбүз. Россия-Украина маселесинде башталышында эле биз нейтралдуубуз деген позициябызды билдиргенбиз. Ошол позициядан жазбайбыз. Биз позициябызды бир тарабына өзгөртүп койсок эле ошол тарабы жеңип кетпейт. Бизден көз каранды эмес", - дейт өлкө башчы.

Белгилесек, буга чейин АКШнын Каржы министрлиги Россияга товар жеткирүүдө Кыргызстандын 4 компаниясы санкцияга кабылганын маалымдаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13874