Экс-депутат Самат Ибраевдин алдамчылыкка шектелген баласына сот чечим чыгарды
RU

Экс-депутат Самат Ибраевдин алдамчылыкка шектелген баласына сот чечим чыгарды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мурдагы депутат Самат Ибраевдин баласы Данияр ири өлчөмдө алдамчылыкка шектелип Болгариядан кармалган. Ал Кыргызстанга экстрадицияланып, СИЗОго киргизилген. Сот пробация колдонуу менен аны бошотту.

Такталгандай, Данияр Ибраев бир нече алдамчылык фактыларына жана коммерциялык же башка компаниялардагы кызматтык абалынан пайдаланганга айыпталган. 20-июлда Свердлов райондук соту ага карата чечим чыгарган.

Свердлов райондук сотунун судьясы Акылбек Адимов Ибраевди алдамчылык боюнча күнөөлүү деп таап, 7 жылга эркинен ажыраткан. Бирок Ибраевге 3 жылга пробациялык көзөмөл колдонулуп, камактан бошотулган.

Ошондой эле ал бир нече курулуш компанияларына жалпысынан 19 миллион 821 миң долларды түзгөн материалдык зыяндын ордун толтурууга милдеттендирилген.

*****

Эске салсак, Бишкек ШИИББдин тергөө кызматы "Строймир" ЖЧКсынын башкы директору 1992-жылы туулган Ибраев Данияр Саматбекович 2018-жылдан 2019-жылга чейин курулуш обьекттерине материалдарды ташып берүүнү убадалап, 19 821 000 доллар акча каражатын ээлеп алганын аныкташкан. Аталган факты "Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык" беренеси менен катталган. Ошондо Данияр Ибраев тергөөдөн качып жүргөн. 2023-жылы январь айында ал Болгариядан кармалган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13877