Талас медициналык колледжинин директору пара менен кармалды
RU

Талас медициналык колледжинин директору пара менен кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМКнын кызматкерлери Талас медициналык колледжинин директорун пара менен кармады. Коопсуздук комитеттен билдиришкендей, жетекчи 20 000 сом өлчөмүндө акча алган.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында Талас медициналык колледжинин директору Б.Г.А. жана аталган колледждин башка кызмат адамдары бюджеттик жана контракттык негизде абитуриенттерди кабыл алууга көмөктөшкөндүгү үчүн акчалай сыйлыктарды системалуу түрдө алышкан.

Жогорудагы адамдар кабыл алуу комиссиясынын мүчөсү болуп, акчалай сыйлык үчүр абитуриенттерге тесттин суроолоруна алдын ала даярдалган туура жоопторду беришкен.

Учурда бул фактыга тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13879