Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы жаңы формасын презентациялады. Сүрөт
2967
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын жаңыланган формасынын бет ачары 9-августта өттү. Футбол союзунун президенти Медербек Сыдыковдун айтымында, улуттук кураманын жаңы формасына кыргыз оюм-чийим түшүрүлгөн.
Ал белгилегендей, жаңы форманы алдыдагы Азия оюндарына жана улуттук курама команда катыша турган континенттин башкы турнири – Азия кубогуна чейин тартуулоону чечишти.
"Жаңы форма жаңы жеңиштерди алып келет деп ишенебиз", - деди ал.
Команданын оюнчулары Бекжан Сагынбаев, Кристиан Браузман жана башкалар форма менен чыгышты.
slide 3 of 2
Кыргыз футболдук союзу менен JOMA бренди иштеп чыккан курама команда жана күйөрмандар үчүн индивидуалдык дизайнагы мерч массалык сатууга 11-августта чыгат.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/13881