Эквадордо президенттикке талапкерди атып кетишти
RU

Эквадордо президенттикке талапкерди атып кетишти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Эквадордо президенттикке талапкер Фернандо Вильявисенсиого ок атылып, ал каза болду. Бул туурасында РБК эквадордук маалымат каражаттарына таянуу менен жазды.

Белгилүү болгондой, 9-август күнү кечинде белгисиз адамдар Coliseo T.W. Anderson дарегинде шайлоо алдындагы агитациялык митинг өткөндөн кийин саясатчы унаага отурганда башына үч жолу ок аткан. Вильявисенсио клиникага жеткирилип, анын каза болгону тастыкталган.

Окуяга күбө болгондордун айтымында, алар ок атылганын угуп, андан кийин президенттикке талапкер жыгылган. Атышуудан жалпысынан сегизге жакын адам жаракат алганы айтылат.

Expreso басылмасы Вильявисенсио полиция тарабынан берилген машинага отурганда атып өлтүрүлгөнүн жазат. Ал милиция кайтарган талапкерлердин бири болгон. Бир жума мурун саясатчы коркутуулар тууралуу билдирген.

Кийинчерээк коопсуздук күчтөрү Фернандо Вильявисенсионун өлүмүнө шектүүнү кармаганы белгилүү болгон. Бул тууралуу Эквадордун Башкы прокуратурасы X (мурдагы Twitter) баракчасында билдирген.

Шектүү коопсуздук кызматкерлери тарабынан атышууда жарадар болгон. Ал оор жаракаттары менен прокуратуранын Оор кылмыштарга каршы күрөшүү бөлүмүнө жеткирилген. Кийин алган жараатынан улам каза болгону айтылат маалыматта.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13883