Каржы министрлиги Тенгиз Бөлтүрүккө республикалык бюджеттен айлык берилбегенин айтты
RU

Каржы министрлиги Тенгиз Бөлтүрүккө республикалык бюджеттен айлык берилбегенин айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Тенгиз Бөлтүрүк "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун убактылуу тышкы башкаруучусу катары "Улуу көчмөндөрдүн мурасы" холдингинен айына 45 миң доллар маяна алып турган. Бул айлык акыны каржы министри Алмаз Бакетаев бекиткен деген маалыматтан кийин Финансы министрлиги комментарий берди.

Мекеменин маалыматында президенттин 2021-жылдын 29-январындагы №5 "Кыргыз Республикасынын тоо-кен казып алуу тармагын реформалоо маселелери жөнүндө" жарлыгына жана Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, "Улуу көчмөндөрдүн мурасы" Улуттук холдинг компаниясы" жоопкерчилиги чектелген коом түзүлүп, Тенгиз Бөлтүрүк Аяпберген уулу президенттик кызматка дайындалган деп айтылат.

Бул ишкананын уставдык капиталын түзүү үчүн республикалык бюджеттен 3,4 млн сом бөлүнгөн.

Финансы министрлиги баса белгилейт, ушул күнгө чейин Тенгиз Бөлтүрүк Аяпберген уулуна республикалык бюджеттен жана "Улуу көчмөндөр мурасы" компаниясынын бюджетинен айлык акы берилген жок. Ар бир чыгашалар бухгалтердик отчёттор менен тастыкталган.

Учурда Министрлер кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы №61 "Улуу көчмөндөрдүн мурасы" Улуттук холдинг компаниясы" Ачык акционердик коомун жоюу жөнүндө" токтомуна ылайык, компанияны жоюу иштери жүрүп жатканын кошумчалашты мекемеден.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13886