Март айында Кытайда каза болгон студент баланын сөөгү Кыргызстанга алынып келинди
RU

Март айында Кытайда каза болгон студент баланын сөөгү Кыргызстанга алынып келинди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

23-апрелде эртең менен Кытайдан Кыргызстанга Шанхай шаарында каза болгон студент жигиттин сөөгү жеткирилди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин департамени кабарлады.

Эске салсак, 1999-жылы туулган Ш.Б. марттын соңунда, Шанхай шаарында автокырсыктын кесепетинен каза болгон.

Ш.Б.нин сөөгү Кытайдан Кыргызстанга жеткирилип, андан ары кичи мекенине көмүү үчүн туугандарына өткөрүлүп берилди.

Ш.Б.нин туугандарына Кыргыз Республикасынын Пекиндеги Элчилиги тарабынан тиешелүү консулдук-укуктук жардам, ошондой эле маркумдун сөөгүн Кыргызстанга жөнөтүүгө байланыштуу башка зарыл жардам көрсөтүлдү, ал процедура каттуу карантиндик чектөөлөр шартында жана түз эл аралык аба каттамдар болбогон учурда ишке ашырылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1389