Кыргызстанда билим берүүнүн сапаты кандай, негизги көйгөй эмнеде? Сурамжылоонун жыйынтыгы
RU

Кыргызстанда билим берүүнүн сапаты кандай, негизги көйгөй эмнеде? Сурамжылоонун жыйынтыгы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңеш тарабынан 2023-жылдын 29-июнунда "Билим берүү жөнүндө" жаңы мыйзамы кабыл алынган. Мыйзамга президент тарабынан кол коюлуусу күтүлүп жатат. Мыйзам долбоорунун тексти:

"Билимдүү Кыргызстан" улуттук демилгеси жана KG Analytics коомдук фонду тарабынан 2023-жылдын 19-июлунан 30-июлуна чейинки аралыкта "Билим берүү жөнүндө" жаңы мыйзам долбоорунун Кыргыз Республикасындагы билим берүүнүн сапатын жогорулатууга кандай жардам берери тууралуу пикирлерди чогултуу үчүн анонимдүү сурамжылоо жүргүзүлдү. Сурамжылоо Kaktus.media сайтына, "Билимдүү Кыргызстан" улуттук демилгесинин жана KG Analytics социалдык баракчаларында жарыяланды.

Сурамжылоого 572 адам катышты, анын ичинен 277 адам кыргыз тилиндеги жана 295 адам орус тилиндеги сурамжылоого жооп берген.

  • 60%га жакыны - аялдар;
  • 90%га жакыны - 25тен 60 жашка чейинкилер, 3,8% 25 жашка чейинкилер жана 6,1% 60 жаштан жогоркулар;
  • 70%га жакыны - билим берүү тармагынын өкүлдөрү.

Жооптордун жалпыланган жыйынтыгы

  • 80%га жакыны билим берүү системасына канааттануу деңгээлин 0дөн 5 баллга чейин баалашты;
  • 18%га жакыны 6дан 8ге чейин бааланган;
  • катышуучулардын 2%дан азы 9дан 10 баллга чейин деп баалаган.

Билим берүүдөгү эң орчундуу көйгөйлөр деп төмөнкүлөр аталды. (Эң олуттууларынан башталат):

  • билим берүүнүн сапатынын төмөндүгү;
  • билим берүү менен жумушка орношуунун ортосундагы байланыштын жоктугу;
  • коррупция;

Башка көйгөйлөрдүн арасынан төмөнкүлөр да белгиленген:

  • инклюзивдик билим берүүнүн өнүкпөгөндүгү;
  • региондордо бала бакчалардын жетишсиздиги;
  • кадрлардын жөндөмсүздүгү.

Билим берүүнүн сапаты үчүн ким жоопкерчилик тартат?

  • 70%га жакыны билим берүүнүн сапаты үчүн КР Билим берүү жана илим министрлигин жооптуу деп эсептейт;
  • 60%га жакыны - билим берүү уюмдары;
  • 51%га жакыны - мугалимдер;
  • 50%га жакыны - ата-энелер;
  • 22%га жакыны - студенттер.

Сурамжылоого катышкандардын 70%дан ашыгы "Билим берүү жөнүндө" мыйзамдын кабыл алынышы тууралуу кабардар. Мыйзам долбоорунун кайсы жоболору өлкөдөгү билим берүүнүн сапатынын өсүшүнө таасирин тийгизет деген суроого катышуучулардын басымдуу көпчүлүк бөлүгү төмөнкүлөрдү белгилешти.

  • ЖОЖдордун жана коллеждердин бүтүрүүчүлөрүнүн ишке орношуусуна жана алардын киреше деңгээлине мониторинг жүргүзүү;
  • билим берүүнүн сапатына мониторинг жасоо;
  • билим берүүнүн сапатын көз карандысыз баалоо.

Сурамжылоого катышкандардын 55% жакыны Билим берүү жана илим министрлигинен колдоо күтөт, 24%га жакыны күтпөйт, ал эми 21%га жакыны жооп берүүдө кыйналган.

Сурамжылоого катышкандардын ой-пикирлери

Педагогдор. Билимдин сапаты биринчи кезекте мугалимдерден көз каранды. Эгер мугалимдердин бардык убактылары отчётторго, текшерүүлөргө, көрсөтмөлүү маданий иш-чараларга коротулуп жатса, алар качан кесиптик жактан өнүгүүнүн үстүндө иштегенге убактысы болбойт.

Иштөөгө ынгайлуу шарттар түзүлгөн эмес. Мамлекет тарабынан колдоо жетишсиз. Ата-энелер жана балдардын мугалимдерге сый-урматы төмөн. Тажрыйбалуу жана жумушун эми баштаган мугалимдердин ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү жана сый-урматты колдоо, ата-энелер менен сергек мамилелерди түзүү маанилүү.

Мугалим күнүнө 80ден 100гө чейин дептерди текшерет. Мектептерде окуу китептери такыр жетишсиз. Мугалимдерге түгөнбөгөн кагаздарды жана отчётторду толтургандын ордуна окутууга мүмкүнчүлүк бергиле.

Окутуунун сапатын жогорулатуу үчүн мугалимдерди колдоо зарыл. Мугалимдерге окуучуларга сапаттуу билим берүүгө, заманбап ыкмаларды жана технологияларды колдонууга шарт түзүү маанилүү.

Инфраструктура. Мектептердин авариялык абалы кейиштүү.

Мен иштеген мектеп 1958-жылы курулган чабандардын үйү. Биз спорт зал, актылык зал, компьютердик класс дегендердин эмне экенин билбейбиз.

Ажырым дал ушул жерден, айылдагы мектептерден башталат, анткени билим деңгээли өтө төмөн. Мектептердин инфраструктурасын жаңылоо жана жакшыртуу өтө зарыл, өзгөчө айыл жерлериндеги мектептерди. Балдардын ар бири үчүн билим алууга шарттарды түзүш керек, айрыкча өзгөчө билимге муктаж балдардын да билим алуусу үчүн татыктуу шарттарды түзүү зарыл.

Көптөгөн мектептерде мугалимдер класстарды өз алдынча ремонттоого аргасыз болушат, бул уят. Мугалимдер жана балдар үчүн ылайыктуу окуу жана иштөө шарттарын камсыз кылуу маанилүү. Тилекке каршы, класстар жетишсиз, мугалимдердин эс алуучу бөлмөлөрү жок.

Инновациялар. Окутуунун жана окуунун методдорун кайра карап чыгуу керек. Күнүмдүк турмушта колдоно ала турган билимди берүү керек.

Предметтик стандарттарды кайра карап чыгуу зарыл. Ар бир мектепте конкреттүү багыттарга басым жасашыбыз керек. Мектептерге предметтерди тереңдетип окуутуу үчүн тандоо мүмкүнчүлүгүн берүү керек. Ошондой эле оратордук чеберчилик, презентация жана эссе жазуу сыяктуу предметтерди киргизүү маанилүү - башкача айтканда, 21-кылымдагы "жумшак" көндүмдөрдү өнүктүрүү.

Материалды тереңирээк өздөштүрүүнү камсыздоо үчүн баалоонун жаңы системаларына, мисалы, "5" баллдык системадан "10" баллдык системага өтүү маанилүү. Алар теорияны турмуштук практика менен айкалыштыра алышы үчүн тажрыйбага негизделген окуу да камсыз кылынууга тийиш. Бизге билим берүүнүн сапатына туруктуу мониторинг керек.

Биринчи кезекте билим берүү программалары менен окуу китептерин кайра карап чыгып, алардын сапатына көңүл буруу керек.

Эмгек процесстерин оптималдаштыруу - мисалы, Интернет менен компьютерди жөн эле орнотуп койбостон, аны бардыгы иштөөсү үчүн жеткиликтүү кылуу. Документ жүгүртүү электрондук (санарип) форматта болушу керек.

Текшерүүлөр жана коррупция жөнүндө. Билим берүүдө реалдуу өзгөрүүлөргө жетишүү үчүн бүтүндөй билим берүү системасын түп-тамырынан реформалоо зарыл. Мектептерде текшерүүлөрдү кыскартыш керек, алар окуу процессине тоскоол болууда. Окуу процессине басым жасоо үчүн кагаз иштерин, көп сандаган отчетторду кыскартуу керек.

Коррупция түп тамырынан жоюлмайынча, эч жерде эч нерсе өзгөрбөйт.

Коррупция жоюлмайынча билим берүү тармагында өзгөрүүлөр болбойт. Билим берүү тармагындагы реалдуу өзгөрүүлөргө жетишүүнүн негизи - коррупциялык механизмдерди жок кылуу. Ошондой эле узак мөөнөттөн бери зыян берип келген коррупциялык схемалардан жана кадрлардан арылуу керек, анткени, алар ондогон жылдар бою билим берүү тармагына зыян келтирип келет.

Окуу үчүн жоопкерчилик. Окуу процессине мамилени кайра карап чыгуу зарыл. Окуу үчүн ата-энелер жана балдар өздөрү да жооптуу болушу керек. Билимге жана ийгиликке умтулуу окуучулардын өзүнөн башталганы туура. Суроолорго биргелешип жооп издөө жана диалог куруу өтө маанилүү: окуунун натыйжалары эмне үчүн канааттандырарлык эмес, билимди жана анын натыйжаларын жакшыртуу үчүн эмне кылуу керек? Билим берүүнүн сапаты приоритет болушу керек.

Жалпы мектептин көрсөткүчүн көтөрүү үчүн мугалимдерге эки коюга тыюу салышат.

Натыйжалар узак мөөнөттүү болушу үчүн өзгөрүүлөр тереңден болуп, майда деталдарга жана көйгөйлөргө көңүл буруу керек. Реформалоо процесси комплекстүү болууга жана билим берүү системасынын ар кандай аспектилерин эске алууга тийиш.

Мугалимдердин, ата-энелердин жана окуучулардын ортосунда үзгүлтүксүз байланыш болушу керек. Ансыз прогресске көз салып турууга жана окуу процессиндеги көйгөйлөрдү чечүүгө мүмкүн эмес.

Жетекчилер - профессионал болуп, ишмердүүлүгүндө жоопкерчиликтүүлүктүн жана ачык айкындуулуктун механизмдери болушу керек.

Өз милдеттерин ийгиликтүү аткарган мугалимдерди жана административдик кызматкерлерди сыйлоо жана стимул берүү системасына өзгөртүү киргизүү зарыл. Бул каржылык жактан дем берип кызыктырууну, статусун жогорулатууну жана кесиптик өнүгүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү камтышы мүмкүн.

Окутуучулар, администраторлор тажрыйба жана билим алмаша турган билим берүү программалары үчүн аянтча түзүү зарыл. Мындай алмашуу билим берүү системасындагы өзгөрүүлөргө оң таасирин тийгизет.

Каржылоо. "Ваучердик каржылоо системасын чындап киргизип, Билим берүү жана илим министрлигин толук реформа жүргүзүү керек".

Каржылоонун ваучердик системасы менчигинин түрүнө карабастан билим берүү уюмдарынын ортосундагы атаандаштыкка шарт түзөт. Ваучерлер билим берүү кызматтарын көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууга түрткү берет.

Ата-энелер жана окуучулар өздөрүнүн муктаждыктарына жана күтүүлөрүнө жараша мектепти тандай алышат. Ваучерлер менен ата-энелер билим берүүнүн сапатын көзөмөлдөөгө жана баалоого көбүрөөк кызыкдар болот.

Автономия каржылык башкарууну өз алдынча жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. Педагогикалык кызматкерлердин наамы жана эмгек стажына карап айлык акысына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө, мугалимдердин билим берүүсүнүн сапаты жана квалификациясын жогорулатууга активдүү катышуусу үчүн стимулдаштыруу системасын киргизүү керек.

*****

Билим берүү жөнүндө жаңы мыйзам боюнча суроолор жана сунуштар болсо [email protected] электрондук почтасына же +996 507 507 540 WhatsApp номерине жөнөтсө болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13909