Кыргызстанда калктын 35 пайызын жаштар түзөт. Басымдуусу эркектер
RU

Кыргызстанда калктын 35 пайызын жаштар түзөт. Басымдуусу эркектер

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жыл сайын дүйнө жүзүндө 12-августта жаштардын эл аралык күнү белгиленет. Бул күнгө карата Улуттук статистика комитети жаштар тууралуу фактыларды даярдады.

Бүгүнкү күндө дүйнөдө 15 жаштан 24 жашка чейинки 1,2 миллиард жаштар бар, бул дүйнөдөгү калктын 16 пайызын түзөт. 2030-жылга чейин жаштардын саны 7 пайызга көбөйүп, дээрлик 1,3 миллиард адамга жетет деп болжолдонууда.

"Жаштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, биздин өлкөдө 14 жаштан 35 жашка чейинки курактагы республиканын жарандары жана жарандыгы жок адамдар жаштарга кирет.

Кыргыз Республикасынын 14-35 жаштагы туруктуу калкынын саны жүргүзүлгөн баалоолор боюнча 2023-жылдын башына карата 2 млн 439 миң адамды же калктын жалпы санынын 35 пайызын түзгөн.

  • Жаштардын эң көбү Бишкек жана Ош шаарларына, эң азы Чүй жана Баткен облустарына туура келет.
  • Жаш курактык топтогу калктын негизги бөлүгүн - 1 млн 221 миңин же жаштардын жалпы санынын 50,1 пайызын эркектер түзөт, ал эми аялдар 1 млн 218 миң адамды же 49,9 пайызды түздү.
  • Үй чарбалардын бюджеттерин жана жумушчу күчүн интеграцияланган тандалма изилдөөсүнүн жыйынтыгы боюнча жаштардын экономикалык активдүүлүгүнүн деңгээли (15-28 жаш) 2018-жылдагы 48,4 пайыздан 2022-жылдагы 46 пайызга чейин төмөндөгөнү белгиле.
  • Изилдөөнүн маалыматтарына ылайык, акыркы жылдары жаштар арасындагы жумушсуздуктун деңгээли 2018-жылдагы 11 пайыздан 2022-жылдагы 8,4 пайызга чейин төмөндөгөн.
  • Жаштардын олуттуу бөлүгү жумуш издеп, башка өлкөлөргө туруктуу жашоо үчүн көчүп кетишет, алардын көпчүлүгү КМШ региондоруна (негизинен Россияга жана Казакстанга) миграцияга кетишкен. Жалпысынан алганда мигранттардын үчтөн биринен көбүн (37 пайызын) 14-35 жаштагы жаштар түзөт.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13918