Мамлекеттик менчик. Жеке тараптарга мыйзамсыз берилип кеткен объект кайтарылды
RU

Мамлекеттик менчик. Жеке тараптарга мыйзамсыз берилип кеткен объект кайтарылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Прокурордук текшерүүнүн жыйынтыгы менен Нарын шаарында баасы 500 000 сом болгон жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды.

Нарын шаардык прокуратурасы мыйзамсыз түрдө жеке жактарга турак жай куруу үчүн 800 чарчы метр жер тилкесинин менчикке берилип кеткендигин аныктаган. Алсак, Нарын шаардык мэриясынын жооптуу кызматкерлери тарабынан жогорудагы жер тилкеси менчикке чыгарылып кеткен.

Бул факты КЖБРнин автоматташтырылган системасына Кылмыш-жазык кодексинин 320-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Аны менен катар, прокуратура тарабынан Нарын облустук Административдик жана Нарын шаардык сотторуна мэриянын чечимин жана жер тилкелерине берилген укук күбөлөндүрүүчү документтерди жокко чыгарууга доо арыз киргизилген.

Доо арыздар бардык соттук инстанциялар тарабынан канааттандырылып, жер тилкелери муниципалдык менчикке кайтарылды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1391