Дмитрий Бивол Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасы менен Ысык-Көлдө жүрөт
RU

Дмитрий Бивол Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасы менен Ысык-Көлдө жүрөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Дүйнөлүк бокс ассоциациясынын маалыматы боюнча бокс боюнча дүйнө чемпиону, кыргызстандык Дмитрий Бивол учурда Ысык-Көлдө жүрөт. Спорт журналисти Тахир Гафуров Instagram баракчасына Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасы менен футзал ойногон мушкер тартылган видеону жарыялады.

Кадрдан улуттук кураманын башкы машыктыруучусу Данияр Төлөгөн уулун көрүүгө болот. Учурда улуттук курама команда Ысык-Көлдө машыгууларды өткөрүүдө.

Дмитрий Бивол өзүнүн Instagram баракчасына ат үстүндөгү сүрөтүн жарыялап, "Жаратылыш менен жалгыз" деп жазган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13930