Ошто суу түтүгү унааны басып калып, ата-бала каза болгон. Шектүү кармалды
RU

Ошто суу түтүгү унааны басып калып, ата-бала каза болгон. Шектүү кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ошто суу өтүүчү түтүк түшүп кетип, унааны басып калган. Кырсыктын кесепетинен ата-бала каза болгонун облустук милициядан редакциябызга ырасташты.

Такталгандай, 12-августта саат 10:00 чамасында Кара-Суу РИИБдин нөөмөт бөлүмчөсүнө Ош шаары менен Кара-Суу районунун кесилишинде жайгашкан Мунай базасынын жолунда суу өтүүчү түтүк (труба) түшүп кетип Daewoo Nexia үлгүсүндөгү автоунааны басып калгандыгы жөнүндө маалымат түшкөн.

Аталган маалымат Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, окуя болгон жерге РИИБдин ыкчам тергөө тобу чыккан.

Алгачкы текшерүүдө Алай районунун 1976-жылы туулган К.К. аттуу тургуну өзүнүн башкаруусундагы оор жүк ташуучу J-FANG үлгүсүндөгү унаасы менен Кара-Суу районунун Нариман айылынын Насридинов көчөсүнүн түндүк тарабы менен бара жатып, жолдун үстүнөн өткөн суу өтүүчү түтүктүн бийиктигин эске албай, түтүктү сүзүп алган.

Натыйжада суу түтүгү ошол эле жолдун карама-каршы тилкесинде келе жаткан Daewoo Nexia унаасын басып калган. Машинанын алдыңкы орундугунда отурган 2 жаран окуя болгон жерде каза болушкан. Ал эми унаанын артында бара жаткан 3 жаран (экөө жаш бала) денесинен жаракат алышып, Ош облусунун балдар ооруканасына жеткирилген.

Каза болгондорго жана ооруканага жеткирилген жарандарга соттук-медициналык экспертиза дайындалып, жол эрежесинин талаптарын бузгандыгын аныктоо боюнча соттук автотехникалык, трассологиялык экспертизалар дайындалган.

Бул окуя боюнча жүк ташуучу унаанын айдоочусу 47 жаштагы К.К`га 144-берененин (Коркунучта калтыруу) негизинде кылмыш иши козголуп, кармалды. Шектүү Кара-Суу РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөөнүн жүрүшүндө окуя болгон күнү шектүү ошол жерден 200 метрдей алыстыкта жайгашкан суу тарапка качып кеткен. Ал жеңил унаада каза болгон жарандарды жана жаракат алгандарды көрүп, билип туруп жардам берүүдөн баш тарткан дешет милициядан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13953