Европага виза ачып, ишке орноштурууну убадалаган жаран кармалды
RU

Европага виза ачып, ишке орноштурууну убадалаган жаран кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ошто Европага виза ачтырып, жумушка орноштуруп берем деп 150дөн ашык адамды алдап кеткен жаран кармалды. Ош ШИИБден билдиришкендей, шектүү Бишкек шаарында жашынып жүргөн.

Ош облусунун Кызыл-Кыштак айыл аймагынын 1995-жылы туулган М.Ш. аттуу тургуну атайын кеңсе ачып, жарандарга Европага виза ачып берүүнү жана ал жактан жумуш менен камсыз кылып берүүнү убадалап, акча каражаттарын алып турган. Ал Европадагы (Польша жана Германия) жумуш берүүчүлөр менен келишимдери бар экенин, ал жакта жумушка орношконго чейин фирма көзөмөлдөйт деп ишендирген.

Бүгүнкү күндө жабыркагандардын саны 150 адамдан ашкан. Жабырлануучулардын көпчүлүгү виза үчүн 1800 евродон беришкен. Аз бергендери 900 евро болгон.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү 11-августта Бишкек шаарынан кармалды. Ош шаардык соту шектүүнү тергөө иштери аяктаганга чейин абакта кармоо боюнча чечим чыгарды.

Жогорудагы адамдын кылмыштуу аракетинен жабыркагандар болсо кабар берип коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт.

Байланыш номерлери: 0553-017-017 же 102.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13954