"Барселонанын" легендалары Бишкекте беттеш өткөрөт. Билеттин баалары
RU

"Барселонанын" легендалары Бишкекте беттеш өткөрөт. Билеттин баалары

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Уюштуруучулар "Барселонанын" легендарлуу оюнчулары менен "Азия Легендалары" футболдук клубдарынын ортосундагы беттештин билеттери канча сомдон болорун билдиришти. Айтымдарында, билеттердин баасы стадиондун трибуналарга жараша 2000 сомдон 8000 сомго чейин болот.

Билеттерди ticket.kg порталы аркылуу, ошондой эле Bishkek Park соода борборунан (биринчи кабат) сатып алса болот.

Порталдын маалыматы боюнча, батыш тараптагы трибунанын ортосунан 18-сектордон 28-секторго чейин билеттер сатыла элек.

Сатыкка чыккан билеттердин эң кымбаты 4-сектордо, баасы 8000 сомду түзөт. 3-5-сектордун билеттери 6000 сом.

Белгилесек, 30-августта Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо "Барсанын легендалары" командасы менен "Азия Легендалары" командасы беттешет. Оюнга "Барселонанын" мурдагы оюнчулары Рональдино, Жулиано Беллетти, Лодовик Жули, Рональд де Бур, Сержи Бархуан, Джовани да Силва, Хуан Карлос Родригес жана Хуан Антонио Гойкоэчеа катышары күтүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13959