УКМК Украинада "Вагнер" жалданма аскерлер курамында согушкан кыргызстандыкты кармады
RU

УКМК Украинада "Вагнер" жалданма аскерлер курамында согушкан кыргызстандыкты кармады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Нарын облусунда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери Украинадагы согушка катышкан Кыргызстандын жаранын аныктады. Бул тууралуу аталган комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, Б. Б.2022-жылдын 22-февралында Россияга иштегени кеткен. Ал жерде кылмыш жасап, түрмөгө камалган. Бир канча убакыттан кийин кыргызстандык жаран "Вагнер" жалданма аскерлеринин өкүлдөрү тарабынан кабыл алынып, Украинадагы согушка катышуу үчүн келишимдик негизде аскердик топтордун катарына кошулган.

Б.Б. 1-август күнү кармалган. Учурда иш сотко жөнөтүлдү.

Белгилей кетсек "Кыргыз Республикасынын жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу жаңжалдарга же согуш аракеттерине катышуусу, же террордук актыны жасоо үчүн даярдыктан өтүүдө" мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13964