Жалал-Абадда жыландын уусун ири өлчөмдө сатууга аракет кылгандар кармалды. Видео
RU

Жалал-Абадда жыландын уусун ири өлчөмдө сатууга аракет кылгандар кармалды. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абад облусунда ири партиядагы жыландын уусун сатуу аракет кылган 4 адам кармалды. Бул туурасында УКМКнын маалыматында айтылат.

Белгилүү болгондой, Ала-Бука районунун Ала-Бука айылында Gurza – vipera Leberetna turaniga уулуу заттын 500дөн ашык ампуласын (1 ампула 5 г) сатып жаткан жеринен чет мамлекеттин 1 жараны жана Кыргыз Республикасынын 3 жараны кармалды.

Такталгандай, жыландын уусу коңшу мамлекеттердин биринен Кыргыз Республикасынын аймагына мыйзамсыз алынып келген. Бул зат фармакологияда жана медицинада, ошондой эле синтетикалык дарыларды өндүрүүдө колдонулат. 1 грамм гюрза уусунун баасы көмүскө базарларда 300дөн 600 долларга чейин бааланат.

Кармалгандар УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди. Учурда 292-берене (Сатуу максатында күчтүү таасир этүүчү же уулуу заттарды мыйзамсыз жүгүртүү) боюнча козголгон кылмыш ишин тергөө уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13968