Кыргызстан Ысык-Көлдөгү төрт пансионатты Өзбекстанга башкарууга берет
RU

Кыргызстан Ысык-Көлдөгү төрт пансионатты Өзбекстанга башкарууга берет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көлдүн жээгиндеги төрт пансионат Өзбекстанга 49 жылга башкарууга берилет. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигинин директору Канатбек Тургунбеков билдиргенин "Азаттык" жазып чыкты.

Анда Өзбекстан пансионаттардын ар бирине 15-20 миллион доллар инвестиция жумшоону көздөөдө.

Алар кайсыл пансионаттар:

  • "Дилором"
  • "Золотые пески"
  • "Рохат"
  • "Бустон" пансионаттары.

Эске салсак, өкмөт 2020-жылы эле "Алтын кум", "Рохат" жана "Дилором" мамлекеттик пансионаттарын жеке менчикке башкарууга берүү ниетин билдирген. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду бул жайлар мамлекеттин менчиги болуп кала берерин, инвесторго убактылуу башкарууга берилерин айткан.

2016-жылы кыргыз өкмөтү совет учурунда Ысык-Көлдө Өзбекстан пайдаланып келген төрт пансионатты менчиктештирүү боюнча токтом чыгарган. Эс алуу жайларынын аталыштары кыргызчаланып, "Рохат" - "Алтын жай", "Дилором" - "Эне-Сай", "Золотые пески" - "Бостери" деп өзгөргөн. Ал эми "Бустон" пансионатынын аты ошол бойдон калган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13988