Мектеп окуучулардын республикалык олимпиадасы өткөн жок. Ким жеңүүчү?
RU

Мектеп окуучулардын республикалык олимпиадасы өткөн жок. Ким жеңүүчү?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

16 жана 17-апрелге дайындалган мектеп окуучулары арасындагы жыйынтыктоочу олимпиада болгон жок. Бул тууралуу бүгүн, 23-апрелде, Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы Kaktus.media редакциясына маалымдады.

Ведомоство берген маалымтка ылайык, 2021-жылдын 24 – 25-мартында Бишкек жана Ош шаарларында, ошондой эле Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын, Ысык-Көл, Талас жана Чүй областтарынын областтык борборлорунда республикалык олимпиаданын III этабы болуп өткөн. Олимпиада 17 окуу предмети боюнча болуп, ага жалпысынан 1 976 окуучу катышкан.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Бишкек шаары "кызыл зонага" киргендиги тууралуу билдирүүсүнүн негизинде олимпиаданын IV этабын өткөрүү маселеси COVID-19 менен күрөшүү боюнча республикалык штабдын жыйынында каралган. Жыйынтыгында азыркы шартта массалык иш-чараларды өткөрүүдөн кармануу сунушталган.

COVID-19 менен күрөшүү боюнча республикалык штабдын сунушу эске алынып, Билим берүү жана илим министрлигинин чечими менен областтык турда 1, 2 жана 3-орундарга ээ болгон 478 окуучу 2020-2021-окуу жылынын мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасынын жеңүүчүлѳрү деп табылды.

Алардын ичинен биринчи орунду – 155 окуучу, экинчи орунду – 166 окуучу, үчүнчү орунду – 157 окуучу ээледи.

1-орунду багындырган 155 окуучуга I даражадагы дипломдор жана китеп сатып алууга сертификаттар берилет, ал эми 2, 3-орунду ээлеген окуучуларга II жана III даражалардагы дипломдор тапшырылат.

Ошондой эле республикалык олимпиаданын жыйынтыгы боюнча байгелүү орундарга ээ болгон 270 окуучу – 11-класстын бүтүрүүчүлөрү Кыргызстандын жогорку окуу жайларына тапшырууда артыкчылыктарга ээ болушат.

Белгилей кетсек, жогорку окуу жайларга сынактан тышкары төмөнкүлөр кабыл алынат:

  • үстүбүздөгү жылы Олимпиаданын IV этабында I даражадагы диплом алган мектеп окуучулары-11-класстын бүтүрүүчүлөрү Олимпиаданын предмети дал келүүчү табигый
  • илимдер, гуманитардык, социалдык-экономикалык, медициналык, айыл чарба жана техникалык профилдеги адистиктерге жана багыттарга, абитуриенттердин тандоосу боюнча, алардын жалпы республикалык тестирлөөгө катышуусу шартында;
  • үстүбүздөгү жылы Олимпиаданын IV этабында II же III даражадагы дипломдорду алган мектеп окуучулары-11-класстын бүтүрүүчүлөрү жалпы республикалык тестирлөөгө катышкан учурда Олимпиаданын предмети профилдүү болгон педагогикалык адистиктерге.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1398