Камчыбек Ташиев TikTok блогерине камчы берип, калпак кийгизди (фото)
RU

Камчыбек Ташиев TikTok блогерине камчы берип, калпак кийгизди (фото)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 17-августта Камчыбек Ташиев TikTok социалдык тармагында tolik_kyrgyz1 каймана аты менен белгилүү интернет-блогер Анатолий Разгоняев менен жолугушту. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Разгоняевдин өлкөбүздө кыргыз тилинин өнүгүшүнө кошкон салымын жогору баалай турганын белгилеп, мекенчилдик маанайдагы блоггерлик иш-аракеттерди улантууга чакырды.

"Көп улуттуу өлкөнүн ар бир жараны кайсы улуттун өкүлү болбосун, Кыргызстанды чын жүрөктөн сүйүп, анын ар тараптуу өнүгүүсүнө көмөктөшүшү керек", - деген Ташиев бардыгын Анатолийден үлгү алууга чакырып, ага камчы тапшырып, калпак кийгизди.

17-августка карата ТикТок социалдык тармагындагы Разгоняевдин аккаунтуна 38,2 миң колдонуучу жазылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13991