Күндүн видеосу: Артем Новиков "Чалдовар" пунктундагы салык кызматкерлердин ишине нааразы
RU

Күндүн видеосу: Артем Новиков "Чалдовар" пунктундагы салык кызматкерлердин ишине нааразы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

28-ноябрда Артем Новиковдун өлкөнүн премьер-министринин милдетин аткаруучу катары алгачкы жумушчу сапары болуп өткөн. Ал бир нече объектилерге барды. "Чалдовар" өткөрмө пунктундагы айрым кызматтардын аткарган ишине нааразы болгон.

Новиков салык кызматын сынга алды. Товарларды көзөмөлдөөнүн пилоттук системасы 15-ноябрдан тартып эле ишке киргизилиши керек болчу. Бирок жабдыктар орнотула элек экен. Техниканын бардыгы таңгактардан чыгарылган эмес.

Бир аз убакыт өткөн соң, соцтармактарда Артем Новиков чиновниктерге сөгүш берип жаткан видеосу тараган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13