Казакстанда Аи-95 үлгүсүндөгү бензин тартыш болууда
RU

Казакстанда Аи-95 үлгүсүндөгү бензин тартыш болууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Казакстанда Аи-95 үлгүсүндөгү бензин тартыш болууда. Анын негизинде айтылуу өлкөнүн Энергетика министрлиги күйүүчү майды Россиядан импорттоону пландап жатат.

Башкармалык Аи-95тин тартыштыгын ички туризмдин өсүшү менен байланыштырат.

Казакстандын Энергетика министрлигинин вице-министри Ерлан Аккенженов быйыл Россиядан 40 миң тонна Аи-95 алып келүү пландалып жатканын билдирди. Биринчи партия ушул айдын аягында келиши керек.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14001