Call-борбор: Жарандар Аламүдүн капчыгайындагы таштандыга нааразы (видео)
RU

Call-борбор: Жарандар Аламүдүн капчыгайындагы таштандыга нааразы (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Kaktus.kg колл борборуна кыргызстандык жаран кайрылган. Ал Аламүдүн капчыгайындагы көп сандагы таштандыны видеого тартып жиберген.

Анын айтымында, видеодогу жер "12 каминов" эс алуу комплексинин үстүндө.

"Эс алуучулар ошол жерге токтошот. Биз унаа токтотуучу жайдан беш метрдей жөө басып, машинаны ошол жерге калтырдык, оң жагында боз үй шаарчасы бар, ден соолукту чыңдоочу зонага окшогон бир нерсе. Менин түшүнгөнүм боюнча, ал жерге унаалар токтойт. Дос кызым экөөбүз кыштын аягында барганда мындай көрүнүш жок эле. Саягы, кардын алдынан таштандылар көрүнгөн эмес окшойт.", - дейт видеонун автору.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14007