Москвадан уча албай калган кыргыз жарандары мекенине жөнөтүлөт. Учак билетин ким алды?
RU

Москвадан уча албай калган кыргыз жарандары мекенине жөнөтүлөт. Учак билетин ким алды?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Москванын "Шереметьево" эл аралык аэропортунан өз убагында уча албай калган кыргыз жарандары жакынкы каттам менен мекенине жөнөтүлөт. Бул тууралуу 18-августта Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги маалымдады.

Маалыматка ылайык, мындай чечим "Аэрофлот" авиакомпаниясы менен сүйлөшүүлөрдүн негизинде кабыл алынган.

Мекенине кайта турчу жарандар жаңы авиабилетти буга чейинкинин баасынан бир аз айырма менен сатып алышкан. Маалыматта аэропортто аларга суу жана ысык тамак берилгени айтылат.

Москванын "Шереметьево" эл аралык аэропортунан учагына үлгүрбөй калганын айткандардын видеосу социалдык түйүндөргө кечээ, 17-августта тарап кеткен. Алар Бишкекке уча турган 25 чакты жүргүнчү каттоого эрте эле барганын, бирок кезек көп болуп, текшерүү узакка созулуп кеткенинен жетишпей калганын, "Аэрофлот" да, аэропорттун администрациясы да көңүл бурбай жатканын айтып, кайрылуу жасашкан эле.

Башкы сүрөт: иллюстрациялык

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14013