Уу коргошунду резиденцияда кайнатышат. Алардын арасында УКМК АКК жетекчисинин уулу жүрөт
RU

Уу коргошунду резиденцияда кайнатышат. Алардын арасында УКМК АКК жетекчисинин уулу жүрөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өткөн жумада Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров кыргызстандыктарга коронавирустук инфекциядан уу коргошун менен дарыланууну сунуштады. Бул тууралуу билдирүүнү ал өзүнүн социалдык тармактарына чыгарып, кийин өчүрүп салган.

Андан тышкары, саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев журналисттерди чогултуп, түз эфир учурунда уу коргошунду ичкен. Ошол эле маалда өзү дозасын билбей турганын аны бир гана президент Жапаров биле турганын айтып, аконитти кайнатуу процесси мамлекеттик резиденцияда жүрүп жаткандыгын билдирген.

Социалдык тармактарга тараган видеодо колдонуучулар УКМКнын Антикоррупциялык кызматтын директору Бекбосун Апсатаровдун уулу - Азаматты таанышты. Алдын ала берилген маалыматка ылайык, ал УКМКнын учурдагы резервиинин офицери болуп келет.

Ал ортодо эксперттер айгай салып жатышат. Анткени уу коргошунду ичүү өлүмгө алып келет.

Kaktus.media'нын журналисти Алымкадыр Бейшеналиевге кайрылып "Уу коргошун менен дарылагандыгы үчүн ага карата кылмыш иши козголсо кандай кабыл аласыз?" - деген суроого:

"Отурам. Ал жер деле жаман эмес. Мен президентке барганымда шарттарын көргөм. Отурам, эс алам, мемуар жазам", - деп жооп берген.

Эгер сиз видеодогу башка адамдарды таанысаңыз, комментарийге жазыңыз.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1401