Өмүрбек Текебаев Кыргызстандын Финляндиядагы элчиси болуп дайындалды
RU

Өмүрбек Текебаев Кыргызстандын Финляндиядагы элчиси болуп дайындалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Берлин шаарындагы резиденциясын айкалыштыруу менен Кыргызстандын Финляндиядагы элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Ал эми президенттмн дагы бир жарлыгына ылайык, Кыргызстандын Америка Кошмо Штаттарындагы элчиси Бактыбек Аманбаев Вашингтон шаарында резиденциясын айкалыштыруу менен Кыргызстандын Канададагы элчиси болуп дайындалды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14020