Эми эттин сапатын QR-код аркылуу текшерсе болот
RU

Эми эттин сапатын QR-код аркылуу текшерсе болот

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызмат этти сатып алардан мурун витринадагы QR-кодду сканерлеп, сапатын жана сактоо мөөнөтүн текшерүүгө мүмкүндүк берген идентификациялык системаны ишке киргизди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

QR-код же документтердин электрондук жүгүртүүсү малды союудан тартып эт сатыкка чейинки процессти камтыйт. Ушундай жол менен малдын жашы, кайдан алынып келгени, малдын качан союлганы, эти бардык ветеринардык-санитардык нормаларга жооп береби жана башка маалыматтарды билсе болот.

"Эттин сапатына көзөмөл так көрсөтүлгөн, ал жерде аны жергиликтүү ветеринар, анан мал союучу жайларды көзөмөлдөгөн ветеринар текшерет. Продукциялар сатыкка чыккандан кийин малдын эти кайрадан тыкыр ветеринардык экспертизадан өткөрүлөт. Эт бардык зарыл болгон ветеринардык-санитардык нормаларга жооп берсе аны сатууга уруксат берилет", - деп айтылат маалыматта.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14028