Казакстандык төкмөгө Садыр Жапаров убада кылган аргымак тапшырылды. Видео
RU

Казакстандык төкмөгө Садыр Жапаров убада кылган аргымак тапшырылды. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Көк бөрү боюнча клубдар арасындагы дүйнө чемпионатынын ачылышында президент Садыр Жапаров казак акынына аргымак убада кылган. Чемпионат жыйынтыкталгандан кийин президенттин атынан казак акыны Биржан Калдыбаевге тулпар тапшырылды.

Президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков билдиргендей, 13-августта көк бөрү боюнча чемпионатта Садыр Жапаров казак акынына таза кандуу аргымак белек кылып, Бишкекте күтүп жатканын айткан.

20-августта президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев улуу өнөрдү алып жүргөн казак акынына Садыр Жапаровдун атынан аргымакты тапшырды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14035