Чолпон-Атада "Мейкин Азия" фестивалы жыйынтыкталды. Жеңүүчүлөр
RU

Чолпон-Атада "Мейкин Азия" фестивалы жыйынтыкталды. Жеңүүчүлөр

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чолпон- Ата шаарында өткөн үчүнчү эл аралык "Мейкин Азия" фестивалы жыйынтыкталып, жеңүүчүлөргө байгелер тапшырылды.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлгинен кабарлашкандай, баш байгени казакстандык ырчы айым Айна Калмаганбетова жеңип алды. Сыйлыкты министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов тапшырды.

Айна Калмаганбетова баш байге катары 5 миң доллар акчалай сыйлык, "Мейкин Азия" фестивалынын атайын статуэткасы жана диплом менен сыйланды.

"Мейкин Азия" фестивалынын жеңүүчүлөрү

  • Баш байге - Айна Калмаганбетова (Казакстан);
  • 1- орун: Руслан Асанкан (Кыргызстан) жана Бегюм Текакпынар (Түндүк Кипр);
  • 2-орун: Сарвиноз Камалова (Өзбекстан) жана Нада Талевска (Түндүк Македония);
  • 3- орун: Адильхан Макин (Казакстан) жана Касиет Идирисова (Кыргызстан);
  • Фестивалдын атайын сыйлыгы Түркиядан келген Жевхер Аксойго ыйгарылды.

Биринчи орунду багындарган жеңүүчүлөр 3 миң доллар, атайын статуэтка, диплом, экинчи орунга 2 миң доллар, 3 – орундарга 1 миң доллар жана дипломдор менен сыйланышты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14036