Улукбек Марипов Россияда каттоого тура элек мигранттарды катталууга үндөдү
RU

Улукбек Марипов Россияда каттоого тура элек мигранттарды катталууга үндөдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

РФтин Ички иштер министрлиги Россия Федерациясынын аймагында мыйзамсыз жүргөн КМШ өлкөлөрүнүн жарандарынан 15-июнга чейин өлкөдөн чыгып кетүүнү талап кылды. Бул талапка Кыргызстандын премьер-министри өзүнүн Facebook баракчасындагы түз эфири учурунда комментарий берди.

Анын айтымында, Кыргызстандын жарандары 15-июнга чейин МВДнин территориалдык бөлүмдөрүнө кайрылып, иштеген жеринен документтерди көрсөтүп, каттоого турса, ошол жерден маселе чечилет. Штраф да төлөнбөйт.

Марипов Кыргызстандын РФтеги элчиликтерине тиешелүү тапшырмалар берилгендигин кошумчалады.

РФтин ИИМи берген статистикасына ылайык, бүгүнкү күндө Россияда 115 миң мыйзамсыз кирген кыргызстандык мигранттар бар.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1403