30-августтан тарта милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өтөт
RU

30-августтан тарта милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өтөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

30-августтан баштап ички иштер органдары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө өткөрүлүп, коомдук жайларда тартипти сактоо маселесине өзгөчө көңүл бурушат. Бул туурасында ИИМден маалымдашты.

Белгилүү болгондой, ички иштер министри Улан Ниязбеков 31-август Эгемендүүлүк күнү, 1-сентябрь окуу жылынын башталышы, 10-сентябрь Бишкек шаарынын Ленин районунда Жогорку Кеңештин депутатын шайлоо жана башка маанилүү иш-чаралар учурунда коопсуздукту камсыздоо туурасында онлайн кеңешме өткөрдү.

Анда министр 30-августтан баштап жалпы ички иштер органдары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө өткөрүлүп, коомдук жайларда, көчөлөрдө, эл көп чогулган аймактарда кызматтык милдеттерди аткаруу жогорку деңгээлде ишке ашыруу тапшырмасын койду.

"Коомдук жайлардагы уурулук, бейбаштык, өз-ара урушуу жана жалпы эрежелерди бузууларга бөгөт коюу, кырдаалды өз деңгээлинде көзөмөлдөө, келип чыккан маселени жеринде ыкчам чечүү, массалык тартип бузууларга жол бербөө, экстремисттик жана террордук кылмыштарды алдын алуу үчүн иш-чарларга башынан аягына чейин жетекчилер жооптуу болуп бекитилсин.

Жаш өспүрүмдөргө карата жана алар тараптан жасалган кылмыштарга бөгөт коюу күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлсүн. Бир дагы жаш өспүрүмгө же өспүрүмдүн катышуусунда резонанс жараткан окуяларга жол берилбесин. Мектеп мугалимдери, ата-энелер комитети, балдар иштери боюнча социалдык бөлүмдөр, жаштар уюмдары менен биргеликте алдын алуу иш-чаралары уюштурулсун", - деди.

Бул багыттагы жумуштар кыска мөөнөттө жөнгө келтирилбесе, өз милдетин аткарбаган, күч-каражатын туура бөлүштүрүп, кайгуул ишмердигин көзөмөлгө албаган жетекчилерге тартиптик жазалар колдонуларын эскертти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14041