Президент Садыр Жапаров Судьяларды тандоо кеңешинин мүчөлөрү менен жолугушту
RU

Президент Садыр Жапаров Судьяларды тандоо кеңешинин мүчөлөрү менен жолугушту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 23-апрелде, үстүбүздөгү жылдын 31-мартында курамы Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилген Судьяларды тандоо кеңешинин мүчөлөрү менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчысы белгилегендей, учурда биринчи кезектеги максаттардын бири - конституциялык түзүлүштүн негиздеринин кол тийбестигин камсыздай алган, мыйзамдуулукту жана өлкө жарандарынын укугун коргой ала турган күчтүү жана ачык-айкын сот бийлигин түзүү болуп саналат.

Садыр Жапаров 30 жылдан бери ар кандай соттук-укуктук реформалар жасалып келсе дагы, сот органдары өздөрүнүн эң негизги милдеттерин - мыйзамдуулукту сактоо жана бузулган укуктарды калыбына келтирүү боюнча милдеттерин толук аткарбай келгенине токтолду.

"Мындай абалдан тез аранын ичинде чыгышыбыз зарыл, анткени сот иштериндеги негативдүү тенденциялар жыйынтыгында Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүнүн негиздерине жана жалпы улуттук коопсуздугуна залал келтирбей койбойт", - деп айтты Президент.

Ал жалпы сот тутумунун ишине таасир этүүчү негизги факторлордун бири - бул сотторду тандоо процесси болуп жатканын кошумчалады.

"Аны кескин түрдө жакшыртуу керек. Соттук кызматка компетенттүүлүгү жана квалификациясы жогору, турмуштук тажрыйбасы мол, аброю кынтыксыз, кесипкөй адамдар тандалууга тийиш. Ошондуктан сиздердин алдыңыздарда өтө жооптуу милдеттер турат", - деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.

Өз кезегинде Судьяларды тандоо кеңешинин мүчөлөрү азыркы милдеттери жана артыкчылыктуу пландары жөнүндө айтып беришти. Кыска убакыт берилгенине карабастан, жогорку квалификациялуу, адилет сот бийлигин калыптандыруу үчүн бардык күч-аракеттерин жумшай турганын баса белгилешти.

Белгилей кетсек, Конституциянын жаңы долбооруна ылайык, судьялардын кызмат ордуна талапкерлерди тандоо Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш тарабынан жүргүзүлөт, ал түзүлгөнгө чейин бул функцияны аткаруу Судьяларды тандоо кеңеши тарабынан улантылат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1404