Таласта "Кадастрдын" кызматкерлери 55 млн сомго жер тилкелерин бергенге шектелди
RU

Таласта "Кадастрдын" кызматкерлери 55 млн сомго жер тилкелерин бергенге шектелди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМК тарабынан жүргүзүлгөн иш-чараларын жүрүшүндө Талас облусунда жер тилкелерин мыйзамсыз берүү фактылары аныкталды. Бул туурасында коопсуздук комитеттен кабарлашты.

Такталгандай, Талас районунун Калбинск айыл аймагынын кызматкерлери менен "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Талас райондук бөлүмүнүн кызмат адамдары биргеликте бир бүтүмгө келип, турак жайларды куруу үчүн жалпы аянты 14 гектарды түзгөн жер тилкелерин мыйзамсыз беришкен. Аллдын ала эсептөө боюнча мыйзамсыз берилген жер тилкелеринин баасы 55 миллион сомду түзөт.

Учурда тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында жогорудагы мыйзамсыз аракеттерге тиешеси бар адамдарды жоопкерчиликке тартуу боюнча амалдар аткарылууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14065